09 Май 2024 00:05

Жеңиш күнү менен!

Кымбаттуу достор жана урматтуу өнөктөштөр!

Сиздерди улуу майрам, биримдиктин жана ата-бабаларыбыздын эрдигин эскерүүнүн символу болгон Жеңиш күнү куттуктайбыз! Бүгүн биз  ата-бабаларыбыз коргогон негизги баалуулуктарды - тынчтык жана эркиндикти чогуу белгилейбиз.

Ушул күн тарыхыбызга сыймыктануу, ардагерлерге болгон сый-урматыбызды билдирүү жана тынчтыктын баалуулугун терең түшүнүү менен коштолсун. Сиздерге бекем ден соолук, ишиңиздерде жана үй-бүлөңүздөрдө кубаныч жана гүлдөп өсүүнү каалайбыз!

Жакшы каалоо-тилектерибиз менен, Doscredobank